Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Бул Борбор Азиядагы эң чоң стадион болот

Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында Бишкекте курулуп жаткан жаңы футбол стадиону боюнча маалымат берди

Өлкө башчы жаңы курулуп жаткан стадиондун өзгөчөлүгүн жана техникалык параметрлерин санап өттү.

Президент жаңы футболдук стадионду кимдер куруп жатканы жана долбоордун деталдарына токтолду

Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадион Борбор Азиядагы уникалдуу, эң чоң стадион болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз”, — деди өлкө башчы.

Арена 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үй феномени түзөт. Ал эми дизайндын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда экени айтылды.

 

 

Бул жерде стадион эле эмес, 35 миң чарчы метрди ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору курулат. Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат. Мындан тышкары, "Гибриддик газон технологиясы" менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт.

Техникалык параметрлери:

Имараттын отуруучу аянты 70 миң чарчы метр;
Курулуш аянты 180 миң чарчы метр;
8 кабат, бийиктиги 70 метр;
Стадиондун тегерек формада болуп, диаметри 280 метрди түзөт;
Стадиондун аянты 85 миң чарчы метр;
60 миң чарчы метр жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар болот.

“Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 миң куб метр көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатып алынат. Мындан тышкары, жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн Кыргызстандын жарандары түзөт”, — деп белгиледи Жапаров.

Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда. Электромеханикалык иштерин жана 50 метр оор блоктон жасалган чатырды көтөрүү иштерин жети ай ичинде аяктоо каралган. Башка иштер алты ай бою улантылса, курулуштун болжолдуу мөөнөтү эки жылды түзөт. Ал эми каражат маселеси толугу менен чечилген.
Учурда 22 архитектор (12 адам Түркиядан келген, калганы кыргызстандыктар) иштеп жатат. Мындан тышкары, башка жаатта иш алып барган адистердин да бир бөлүгү түркиялыктар, басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар. Алты адистен турган консультациялык топтогу үч адам Ангиядан келсе, үчөө Түркиядан келгени айтылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх