Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин депутаты болбой калды

Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы бир күн мурун белгилүү болгон.

Коргонбай уулу Ноокат району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Эске сала кетсек, буга чейин эл өкүлү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин ортосунда чыр чыккан. Жусупбек Коргонбай уулу министрди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштыгы бар экендигине, коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптаган.

Мындан кийин Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрлиги менен мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Буга чейин ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун чиновниктин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы тууралуу сөзүнөн кийин сотко кайрылганы белгилүү болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы эл өкүлүнүн сөзүн төгүнгө чыгарууну талап кылып, андан 10 миң сом материалдык жана моралдык чыгым өндүрүп берүүнү көздөөдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх