Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскат Алагөзов: Селден жабыркагандарга жардам берилет

Тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров берди

Кыргызстандын түштүгүндөгү селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров берген.

«Акыркы жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарында бир нече айылдарда сел жүрдү. Айрым айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп жатат. Селдин кесепетинен имараттар жана короо-сарайлар бузулган учурлар бар, бирок бул масштабдуу эмес. Башкача айтканда, селдин кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Транспорт министрлигинде жана башка мамлекеттик органдарда күч жана техникалык каражаттар жетиштүү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ӨКМ кырсыктан келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктагандан кийин жарандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт», - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, селден улам Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар аймактарда 20-апрелден бери 30дан ашык сел жүрдү. Үйлөрдү, жолдорду суу каптады. Айрым айылдарда жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх