Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия жол кире акысын көтөрүүнү пландабаганын билдирди

Вице-мэрдин сөзүнө муниципалитет комментарий берди

Бишкек мэриясы коомдук транспорттордогу тарифтерге байланыштуу абалды түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, кечээ Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жаңы автобустар өзүн кыска убакытта актоо үчүн жол кирени 25 сомго чейин көтөрүү зарылдыгын билдирген.

Мэрия өз кезегинде бул чиновник муниципалитеттин позициясын билдирбегендигин баса белгиледи.

«Белгилей кетүүчү нерсе, бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, автобустардын баасын актоонун мөөнөтү боюнча алдын ала божомолдор. Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүүнү пландаган эмес. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишмердүүлүгүн туура жүргүзүүгө жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх