Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачылат

Анын урматына көчөлөрдүн бирине да ысым ыйгарылат

Монголия Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстан менен Монголиянын парламенттеринин төрагаларынын Улан-Батордогу жолугушуусунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Улан-Батор шаарындагы көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгарууну жана кыргыз эпосунун баатырына эстелик тургузууну сунуштады.

Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын төрагасы Гомбожавин Занданшатар бул демилге карала турганын белгиледи. Ошону менен бирге ал бүгүн Монголиянын баш калаасынын көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканын баса белгиледи.

Сүрөт: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх