Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эртеңден баштап карызы барларды электр жарыгынан өчүрө башташат

Тургундарды тез аранын ичинде төлөмдөрүн төлөөнү суранышат

Бишкекте 25-апрелден тарта карызы барлардын электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы эскертти.

Компаниянын маалыматы боюнча, карызкорлордун арасында 5,1 миңден ашык тиричилик абоненттери бар.

Абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Абоненттер өздөрүнүн жеке кабинети тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы «Абоненттик баланс» бөлүмүнөн жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат. Мындан тышкары, абоненттер балансын төмөнкү номерлер боюнча 24 саат бою иштеген колл-борборго чалып биле алышат:

1209;
105;
0772/0702/0556 00 12 09;

же 0556 00 12 09 номерине WhatsAppтан жазыңыз.

Сиз электр энергиясына төлөмдөрдү төмөнкү жолдор аркылуу төлөй аласыз:

  • Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS (Kassa-24), Megacom, “О!”, “Оной” төлөм терминалдары;
  • «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары аркылуу;
  • РСК Банктын, Керемет Банктын, ДосКредоБанктын, Бакай Банктын, Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАНдын, Халык Банктын, КИСВ Банктын, Оптима Банктын, ошондой эле Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын кассаларында.

Бардык төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде кабыл алынат, башкача айтканда, төлөм маалыматы сиздин жеке эсебиңиздин статусун автоматтык түрдө жаңыртат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх