Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш самокат айдагандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Мыйзам долбоору самокат колдонгон адамдардын жоопкерчилигин карайт

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары “”Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети электр самокаттарын, самокаттарды, гироскутерлерди жана башка жеке мобилдик түзүлүштөрдү эксплуатациялоого байланышкан маселелерди чечүү болуп саналат.

Демилгечилер акыркы убакта жол кырсыктары жана жеке мобилдик түзүлүштөрдөн жаракат алгандар көбөйүп жатканын белгилешти. Бирок, ошол эле учурда, жол кыймылы жана транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жеке мобилдүүлүк каражаттары жөнүндө түшүнүк жок жана аларды эксплуатациялоодо пайда болгон мамилелер жөнгө салынбаарын белгилешти.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда мыйзамга “жеке мобилдүүлүк каражаттары” түшүнүгүн киргизүү, жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу адамдардын статусун аныктоо, тактап айтканда, аларды жөө жүргүнчүлөргө теңөө сунушталууда.

Ошондой эле жол эрежесин бузгандарга 10 эсептик көрсөткүчтө (1 миң сом), ал эми мас абалында эреже бузгандарга 30 эсептик көрсөткүчтө (3 миң сом) айып салуу сунушталууда.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх