Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районунда 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди - фото

Селдин суусуна түшкөн малдын жана үй канаттууларынын өлүктөрүнө байланыштуу айылдарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Сузак районунун Барпинский, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндөгү турак жайлардын короолорун суу каптады, деп билдирет ӨКМ.

Мекемеден билдиришкендей, Көк-Арт дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда кооптуу абал жаралган. Буга байланыштуу жарандык коргонуунун башчысынын буйругунун негизинде Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда жергиликтүү тургундардын үйлөрүндөгү сел суулары мотопомпалар менен сорулуп чыгарылууда. Селдин суусуна түшкөн малдын жана үй канаттууларынын өлүктөрү тиешелүү кызматтар тарабынан зыянсыздандырылып, айылдарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар жеткирилип, сел өтүүчү каналдарды тазалоо иштери башталды.

 

Сүрөт ӨКМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх