Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэриясы суулардын жээктерин жакшыртуу боюнча эскиздерди иштеп чыкты - фото

Концепция Боз-Бөлтөк зонасын жана Ала-Арча суу сактагычын Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктери аркылуу бириктирүү болуп саналат

«Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери Ала-Арча, Аламүдүн, БЧК, Түштүк БЧК дарыяларынын шаар жээктерин өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясын иштеп чыгышты.

«Жээктер жагымдуу, ыңгайлуу шарт түзүү үчүн маанилүү, анткени жарандардын ыңгайлуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ландшафттар түзүлүшү. Концепция Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү болуп саналат», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Муниципалитет Бишкек шаарындагы дарыялардын жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды түзүп, санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарт түзөрүн кошумчалады.

 

 

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх