Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров министрлерге тойлорго барууга тыюу салды

"Эгер бир жерден ысырапчылык көрсөңүз, анда жолобогула!"

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө тойлорго барууга тыюу салды.

Бүгүн президенттик аппараттын өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында ал жетекчилерге президенттин бардык жарлыктары жана тапшырмалары сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектигин эскертти.

Акылбек Жапаров той учурунда мал союуга жана ысырапчылыкка тыюу салган мамлекет башчынын жарлыгын эске салды.

«Эгер бир жерден ысырапчылыкка көрсөңүз, ал жакка жолобогула. Тойлорго барбагыла!” – деди Акылбек Жапаров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх