Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуу жылы 25-майда аяктайт

Акыркы коңгуроо 25-майда саат 9.00дө болот

Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда саат 9.00дө болот.

Билим берүү министрлиги мектептин түрүнө карабастан республиканын билим берүү уюмдарынын жетекчилерине майрамдык иш-чараларга акча жана башка жыйымдарды алууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда акыркы коңгуроодон башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынарын эскертти.

Майрамдарды өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын башчыларына, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына:

- билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөт иштерин уюштурат;

- билим берүү уюмунун аймагынан тышкары иш-чараларды өткөрүүдө окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымдоо үчүн ата-энелер чогулушун өткөрүүлөт.

Билим берүү министрлиги ошондой эле буйрукту аткарбаганы үчүн билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызматтан бошотууга чейин тартиптик жаза чаралары колдонуларын кошумчалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх