Өзгөн районунда сел жүрдү
Короону жана жолду суу каптаган
Ош облусунун Өзгөн районунда сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, 25-апрелде катуу жааган жамгырдан кийин Корсетти айылында сел жүргөн. Турак жайдын короосун жана чарба ичиндеги жолду суу каптаган.
Белгилей кетсек, бир күн мурун Таш-Көмүрдө сел жүргөнү кабарланган.
Отметим, накануне сообщалось о сошедшем селе в Таш-Комуре.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин 20-апрелден 23-апрелге чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында 67 жолу сел жүргөнүн билдирген.
Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз