Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европадан контрабандалык унааларды каттоо үчүн жасалма документтерди колдонгон аныкталды

Шектүү кармалып, 19 унаа алынды

Бишкекте уюшкан топ түзүүгө жана экономикалык аткезчиликке шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, милицияга белгисиз адамдар Европа мамлекеттеринен запастык тетик түрүндөгү документтери боюнча контрабандалык жол менен алынып келинген автоунааларды К. аттуу жаран аркылуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке (мурдагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси) каттоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) жана 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иштери козголду.

Шектүү катары 1991-жылы туулган А.К. кармалып, соттун чечими менен ал 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик мекемеге каттоого аракет кылган жарандар жана автоунаалар аныкталган. Ар кандай маркадагы 9 автомашина кармалып, камакка алынган.

Маалым болгондой, унаалар Дэн Сяопин көчөсүндөгү тейлөө станцияларынын биринде чогултулган. Тинтүү учурунда кошумча дагы 10 унаа кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган унаалардын жалпы саны 19 бирдикти түздү. Мамлекетке 12 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды.

 

Шектүү автотранспорт каражаттарын каттоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери аркылуу акчалай сыйлык берүү менен жасалма документтерди колдонуп автоунааларды каттатып жүргөнү аныкталды.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх