Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеминде бала бакча курула турган жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жерлер мамлекетке кайтарылды

Кемин райондук прокуратурасы бала бакча курууга багытталган жалпы аянты 9 миң 500 чарчы метр жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагындагы 4 миллион 592 миң сомдук жер тилкеси өз багытында пайдаланылбай жатканы аныкталды. 2003-жылдагы айыл өкмөтүнүн чечимдери менен тилке жеке жактарга мөөнөтсүз убакытка мыйзамсыз берилген.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча райондук прокуратура тарабынан берилген актынын негизинде жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх