Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МАИ кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Опузалап пара алып жаткан жеринен Жол-кайгуул кызматынын кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын кызматкери документтерди жасалмалоо жана «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаасын камалган жеринен кайтарып берүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында андан 18 миң сом талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх