Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ар бир согуш ардагерине 100 миң сомдон төлөнөт - президенттин жарлыгы

1-апрелге карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 41 ардагери бар

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Президент жарлыкка кол койду, ага ылайык анын фондунан 4 миллион 141 миң сом бөлүнөт.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх