Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жээктен жүз метр алыс эмес жайгашкан мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлүп жатат - видео

Процессти Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев көзөмөлдөйт

Ысык-Көлдө жээктен жүз метрге чейинки аралыкта жайгашкан мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлүп жатат. Бул тууралуу КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын башчысы Нурдан Орунтаев менен президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев дем алыш күндөрү биргеликте текшерүү жүргүзүштү.

Ишти Мамлекеттик курулуш комитетинин адистери жана жергиликтүү бийлик жүргүзүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх