Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте велосезондун ачылышы болду (фото)

Иш-чарага 800гө жакын адам катышты

Бишкекте велосезондун ачылышы болгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге вице-мэр Виктория Мозгачева жана “Velo friends pozitiv kg” бейөкмөт уюмунун президенти Данил Кыдыралиев катышты.

 

Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркында Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган веложүрүш башталды.

Уркуя Салиева атындагы сейил багындагы марага жеткенде велоколоннадагы бардык катышуучуларды оюн-зоок иш-чаралары жана мелдештер күтүп турду.

 

 

Спорттук иш-чарага жалпысынан 800гө жакын адам – велоспорт сүйүүчүлөр жана спортчулар, анын ичинде борбор калаанын муниципалитетинин мекемелик жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх