Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте биринчи жолу аркан тартыш боюнча биринчилик өттү

Мелдешке 13 команда катышты

Бишкекте 26-27-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо аркан тартыш боюнча чемпионат өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионат Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, ошондой эле Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналды.

Турнирге ар турдуу клубдардын жана спорт уюмдарынын спортсмендери катышты. Мелдешке жалпысынан 13 команда катышты.

 

Мелдеш Кыргыз Республикасынын аркан тартыш эрежесинин негизинде өттү.

Эркектер арасындагы чемпионаттын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун – “Шумкар” командасы;
2-орун – “Омега” командасы;
3-орун – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командасы.

Аялдар арасында:
1-орун – “Шумкар” командасы;
2-орун – ВВ командасы;
3-орун – Ички иштер министрлигинин командасы.

Мелдештин жыйынтыгы менен бардык жеңүүчүлөр кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Спорттук иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Республикалык аркан тартыш федерациясы» коомдук уюму менен биргеликте уюштурулуп, өткөрүлдү.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх