Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сулайман-Тоонун аймагындагы 204,5 миллион сомдук жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

Учурда кылмыш иши козголду

Сулайман-Тоо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынан 204,5 миллион сомдук жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткенин Башкы прокуратура билдирди.

Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, укук белгилөөчү документ болуп эсептелбеген кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында жайгашкан 6818 чарчы метр жер тилкеси жеке менчик укугуна мамлекеттик акт түзүлгөндүгү аныкталды.

Жер тилкесинин баасы 204 миллион 540 миң сомду түздү.

Бул фактынын негизинде прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү Ички иштер министрлигине тапшырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх