Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдогу мал базар жабылат

Базар 18-майда жабылат

Караколдогу мал базар жабылууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облустук администрациядан билдиришкендей, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 18-майдан баштап Валиханов көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан мал базар жабылып, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аймагына көчүрүлөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын жаз айларында министрлер кабинетинин тапшырмасы менен мал базарды оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Май айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип, базардын шарттары менен таанышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх