“Каркыра-автодорожный” өткөрүү пункту убактылуу жабылды
Саат 13:50дөн баштап адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду
Бүгүн, 2-майда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Каркыра-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
"Өнөр жай электр энергиясы жана интернеттин жоктугуна байланыштуу бүгүн, 2-майда саат 13:50дөн баштап "Каркыра-автодорожный" постунда адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү пункту качан иштей турганын айткан жок.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз