Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо 4 миң мектеп окуучусу “Манас” эпосун айтышты - видео

Республикалык “Манас” кароо-сынагы республиканын бардык аймактарында өтүп жатат

Караколдо төрт миң мектеп окуучусу “Манас” эпосун аткарышты. Бул тууралуу редакцияга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.

Иш-чара шаардын борбордук аянтында өттү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) комплекстүү изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ) - кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы” аттуу республикалык “Манас” кароо-сынагы 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өтүүдө.

Буга чейин Ош шаарында, Алай районунда жана Чүй облусунда да миңдеген мектеп окуучулары “Манас” эпосун айтышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх