Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МАИ инспекторлору талмасы кармаган кызды ооруканага жеткизүүгө жардам беришти - видео

Алардын унаасы Арашан айылында эл жапырт эс алуудан кайтып келе жатканда тыгынга туш болуп калган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору тез арада медициналык жардамга муктаж болгон кызды ооруканага жеткирүүгө жардам беришти.

Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ күнү 24 жаштагы кыз отурган унаа Арашан айылында эл массалык түрдө тоодон эс алуудан кайтып келе жаткан учурда тыгынга кармалып калган.

Айдоочу кызды тез арада ооруканага жеткирүү үчүн каршы тилкеге чыгып, инспекторлор аны токтотушкан. Ал кыздын талмасы кармап жатканын түшүндүргөн. Андан соң милиция кызматкерлери унааны Бишкек шаарындагы ооруканага жеткиришкен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх