Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Василий Шестаков “Достук” ордени менен сыйланды

Сыйлык Кыргызстанда спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилди

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Василий Шестаковго Кыргызстандын спортун жана дене тарбиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы «Достук» орденин тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыкты тапшыруу аземи Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында өттү.

Жээнбек Кулубаев Василий Шестаковду сыйлыгы менен куттуктап, ага спорт жана дене тарбия чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн салттуу достук жана союздаштык мамилелерин чыңдоо боюнча милдеттерди ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Василий Шестаков өлкө жетекчилигине анын ишмердүүлүгүнө жогору баа бергени жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланганы үчүн терең ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылык каалады.

 

Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх