Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда К.Батыровго берилген жердеги базар мамлекеттин менчигине алынды

Бул тууралуу УКМК билдирди

Жалал-Абад шаарындагы К.Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. 

Баасы 412 млн 111 миң сомду түзгөн «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине алынды.

Бул соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Батыровго таандык болгон.

Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болгон, анткени мындай укукка Эл депутаттарынын шаардык совети (шаардык кеңеш) ээ болгон.

Жер тилкеси Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу КР жарандары менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн.

Аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган. Учурда «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

Фото: УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх