Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия чемпионаты. Өзбекстандык жөө күлүк дисквалификацияланып, анын күмүш байгеси кыргызстандыкка кызга тийди

Кыргызстандын курама командасы биринчи орунду ээлеп, командага 20 миң доллар сыйлык берилди

Азиянын жеңил атлетика ассоциациясы 2023-жылы ноябрда БАЭде өткөн марафон боюнча Азия чемпионатында жеңишке жеткен кыргызстандык спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу КРнын Жеңил атлетика федерациясы социалдык тармактарда билдирди.

Маалым болгондой, экинчи орунду алган өзбекстандык жөө күлүк Ситора Хамидова тыюу салынган заттарды колдонгону үчүн беш жылга дисквалификацияланган.

Ошентип, күмүш БАЭде үчүнчү орунду алган Сардана Трофимовага, коло дагы бир төртүнчү келген кыргызстандык кыз Гүлшана Сатаровага берилди.

Жыйынтыктоочу протоколдо Кыргызстандын командасы биринчи орунду ээлеп, командага 20 миң доллар сыйлык берилди.

Жеке чемпионатта экинчи орун үчүн Сардана Трофимова 5 миң доллар, коло үчүн Гүлшана Сатарова 3 миң доллар, бешинчи орун үчүн Мария Коробицкая 1 миң доллар алды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх