Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дмитрий Бивол Бетербиевдин ордуна жаңы атаандаш тапты

Кыргызстандык ливиялык Малик Зинад менен беттешет

Артур Бетербиевдин ордуна ливиялык Малик Зинад кыргызстандык Дмитрий Бивол менен беттешет, деп маалымдайт маалымат каражаттары.

Беттеш 1-июнда Сауд Арабияда өтө турган турнирде өтөт.

Буга чейин Артур Бетербиев кыргызстандык менен беттешет деп пландалган. Бирок, Бетербиев 4-майда жаракат алганын билдирген. Мушташ жыл аягына чейин жылдырылган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардагы көптөгөн күйөрмандар Бетербиевдин чындыгында эч кандай жаракаты жок экенин, ал жөн гана Биволдон корккондугу тууралуу пикирлерин билдиришкен. Дүйнөлүк бокс уюму (WBO) да мындан күмөн санап, 10 күндүн ичинде деталдуу медициналык текшерүүдөн өтүп, качан беттешүүгө уруксат бериле тургандыгы боюнча дарыгердин корутундусун берүүнү талап кылган.

ММКлар буйрукту аткарбоо WBO "дүйнөлүк чемпиондук үчүн мелдеш боюнча уюмдун жобосуна ылайык иш алып барарын" жана Бетербиев чындап жаракат алганын далилдебесе, чемпиондук курдан ажыратылышы мүмкүн экенин жазышууда.

Биволдун жаңы атаандашы 30 жаштагы Малика Зинад профессионалдарда 22 беттештин 16сын нокаут менен жеңген. Малик BoxRecтин жеңил салмактагы рейтингинде тогузунчу орунда турат.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх