Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үзүр Жузупбеков Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Бул олимпиадалык лицензия Кыргызстан үчүн 10-лицензия болуп калды

Кыргызстандык Үзүр Жузупбеков Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия үчүн жеңишке жетти.

Ал бир күн мурун Түркияда өткөн дүйнөлүк лицензиялык күрөш турниринде грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Кыргызстандык 1/16 финалдан баштап, Болгариянын спортчусун жеңип алды. 1/8 финалда Жузупбеков финляндиялык спортчуга утулуп, кайталоо турниринде күрөшүн улантты. Алгачкы беттешинде Хорватиядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, 3-орун үчүн күрөштө япониялыктарды 8:0 эсебинде жеңди.

Лицензия үчүн күрөштө кыргызстандык германиялык балбанды жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.

Белгилей кетсек, бул олимпиадалык лицензия Кыргызстан үчүн 10, балбандар үчүн тогузунчу болду.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх