Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулактандыруу, издөөгө жардам бергиле! Бишкекте 13 жаштагы Асема Салиева жоголду

Кыз кечээ мектепке кетип, бирок ал жакка жеткен эмес. Анын кайда экени белгисиз

Бишкекте 13 жаштагы Асема Салиева жоголду. Бул тууралуу мектеп окуучусунун жакындары социалдык тармактарга билдиришти.

Алардын айтымында, ал кечээ, 10-майда саат 12:50дө «Көк-Жар» турак-жай массивинин жанындагы Молодежный кичи районундагы мектепке үйүнөн чыгып кеткен. Бирок Асема мектепке барган эмес. Анын уюлдук телефонунун акыркы сигналы Орто-Сай базарынын аймагында жазылган.

Окуучу кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 102 жана 0556 67 70 33 (кыздын апасы) телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.

 

Социалдык тармактардан алынган сүрөттөр

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх