Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Кыя шаарында сойкулукка шектелген 42 жаштагы эки аял кармалды

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кызыл-Кыя шаарында сойкулукка шектелип эки аял кармалды.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т. жана Кызыл-Кыя шаарынын тургуну А.Н. Ош шаарындагы мейманканалардын биринде кармалышты.

Белгиленгендей, кармоо учурунда контрацептивдер жана акча табылган.

 

 

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси "Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх