Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Асема Салиева табылды
Маалыматты кыздын жакындары тастыкташты
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Асема Салиева табылды. Баары жакшы. Маалыматты кыздын жакындары тастыкташты.
Буга чейин кыздын апасы кечээ, 10-майда саат 12:50дө кызы Көк-Жар конушунун жанындагы Молодежный кичи районундагы мектепке үйүнөн чыгып кетип, мектепке жетпегендигин билдирген. Анын уюлдук телефонунун акыркы сигналы Орто-Сай базарынын аймагында жазылган.
Азыр Асема үйдө.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз