Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы бир кыргызстандык балбан Париждеги Олимпиадага лицензия жеңип алды

Бул лицензия Кыргызстан үчүн 11чи, балбандар үчүн онунчу лицензия болуп калды

Кыргызстандык Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.

Ал Түркияда өткөн лицензиялык турнирде эркин күрөш боюнча мелдеште 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчу Ямайканын, Өзбекстандын балбандарын үч жолу катары менен жеңип, жарым финалда Венгриянын балбанын утуп алды.

Финалга чыгуу менен Айаал Лазарев өзүнө Олимпиада лицензиясын кепилдеди.

 

Белгилей кетсек, бул олимпиадалык лицензия Кыргызстан үчүн 11чи, балбандар үчүн онунчу болду.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх