Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда МТО тарапта Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандык аял кармалды

Ал Кыргызстанга депортацияланып, СИЗОго киргизилди

Түркияда эл аралык издөөдө жүргөн, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кыргызстандык аял кармалганын УКМК билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же аскердик операцияларга катышкандыгы же террористтик-экстремисттик даярдыктан өткөндүгү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний же региондор аралык кастыкты козуткандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун 1966-жылы туулган, 2015-жылдын ноябрь айында Сирияга кеткен Кыргыз Республикасынын жараны Б.З.Т., 4-майда Түркияда кармалып, депортацияланган. Ал Сирияда МТО Жабхат ан-Нусра тарабында куралдуу кагылышууга катышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Соттун чечими менен Б.З.Т. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх