Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК комитети үчүнчү балага жөлөкпул боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Документ үчүнчү окууда каралды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары.

Мыйзам долбоору алыскы, бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жайгашкан конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда Конституциянын нормаларын эске алуу менен 3 жашка чейинки үчүнчү бала төрөлгөндө үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо сунушталууда.

Сүрөт ЖК басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх