Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте угуусу начар балдарга Катардан келген хирургдар операция жасашат

Программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна угуусу начар балдарга операция жасоо үчүн Катардан хирургдардын тобу келишти. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 11-майда буга чейин 8 балага операция жасалган. Ушундай эле операцияларды 18-майга чейин жүргүзүү пландалууда.

Эске сала кетсек, кол коюлган меморандумга ылайык, Катар мамлекетинин Ислам иштери министрлиги тарабынан сунушталган өкмөтү бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, хирургдарды жана жардамчы медициналык персоналды окутууну өзүнө алат. Ошондой эле алар операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылашат.

Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх