Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы 20-майда Ататүрк сейил багындагы объектилерди бузуп баштайт

Мэр сейил бакка жер тилкелерин кайтарып берүү боюнча доо арыздарды берүүнү тапшырды

Бишкек шаардык мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын мэр Айбек Жунушалиев, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Мэрия сейил бактагы объектилерди демонтаждоо жана бузуу иштери 2024-жылдын 20-майына пландалып жатканын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында борбор калаа башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыздарды берүүнү жана Бишкек шаарынын Шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 токтому менен бекитилген чектердин чегинде Ататүрк паркынын аймагын жер тилкелерин кайтарып берүү иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы сейил бактын аймагын аныктап, жеке менчиктеги 43 гектар жерди мамлекеттин менчигине кайтарып берерин билдирген. Ошол эле учурда мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлүп, парктын өзү иретке келтирилерин белгилешти.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх