Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15-16-май күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына чектөө киргизилет

Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон иш сапарына байланыштуу чектөөлөр болот

Малайзиянын премьер-министринин 15-16-майдагы Кыргызстанга болгон иш сапарына байланыштуу Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилип жатканын КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда:

- “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкекке;

- Фучик көчөсүнөн ст. Жибек-Жолу;

- Жибек-Жолу көчөсүнөн чыгышты көздөй Манас пр.;

- Манас пр. –Айтматов көчөсүнө түштүк тарапка «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин.

- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

«Ушул республикалык маанидеги иш-чараны өткөрүүдө сиздерди жогоруда аталган жолдордун жээктеринде унааларды калтырбоого, зарылчылык болбосо жүк ташуучу унааларды айдабоого жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин талаптарын сактоо менен жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта..

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх