Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тоодон жарадар болгон адамды 3 чакырымга чейин көтөрүп түшкөн милиция кызматкерлери сыйланды

Дарылануудан кийин жарадар адам да милиция кызматкерлерине жеке ыраазычылык билдирди

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тоң РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Шабдан Илимгазиев ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан милициянын улук лейтенанты Акжолтой Сыймыкбек уулу менен милициянын лейтенанты Адилет Темиркановго «Каармандык» медалдарын тапшырды. Бул сыйлыктар өлкөнүн коомдук коопсуздугун камсыздоодо көрсөткөн эрдиги, кайраттуулугу жана өзгөчө айырмачылыктары үчүн ыйгарылды.

Тоң РИИБдин башчысы Шабдан Илимгазиев өзүнүн жана өздүк курамдын атынан ошол күнү жарадар болгон адамга тез арада барып, тиешелүү татыктуу медициналык жардам көрсөтүп, куткарып калганы үчүн райондук тез жардам кызматкерлерин ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.
Өз кезегинде куткарылган жаран дарылануудан жана калыбына келүүдөн кийин райондук милицияга келип, аны куткарган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Фото: ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх