Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада №227 маршрутка каттамы токтоду

Анын ордуна автобустар каттайт

Бишкекте бүгүнтөн тарта №227 автобус каттай баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин бул линияда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт.

Маршруттун акыркы аялдамалары “Ак-Ордо” жаңы конушунда жана Көк-Жарда болот. Бул линияда 20 автобус болот, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

 

Мэрия жарандарга коомдук транспорттордун кыймылын “Мой город” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй алаарын эскертти. Ар бир автобус GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх