Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетика министрлигинин башчысы Бишкек ТЭЦинин кышка карата даярдыгын текшерди

Ибраев оңдоо иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү тапшырды

КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборун келерки күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшүн текшерди.

Башкармалыктын жетекчиси турбиналык жана от казан цехинде жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты, деп билдирди Энергетика министрлиги.

Ибраев ошондой эле ишкананын жетекчилиги жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

«Жыйынтыгында оңдоо иштерин тездетип, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, коопсуздук чараларын сактоо боюнча кызматкерлер менен тыкыр иш алып баруу тапшырмасы берилип, 2024-жылды ийгиликтүү аяктоо жана 2025-жылдын кыш мезгилинде Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча мекеме жетекчилерине конкреттүү милдеттер коюлду», - деп айтылат маалыматта.

Сүрөт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх