Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Малайзия Кыргызстандан келген студенттердин окуу акысын төмөндөтүү маселесин карайт

Ошондой эле Малайзия Кыргызстанда оперативдүү банк ачууга кызыкдар

Малайзия аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан кыргызстандык студенттер үчүн жогорку билим алуу баасын төмөндөтүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал ошондой эле Малайзия Кыргызстанда оперативдүү банк ачууга жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Анвар Ибрагим көптөгөн тармактарда чоң потенциалга ээ болгон эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин баса белгилеп, кызматташуу программаларын иштеп чыгууну баштоону сунуштады.

Акылбек Жапаров өз кезегинде малайзиялык инвесторлорду энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өндүрүшү, халал индустриясы, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташууга, ошондой эле исламдык каржылоо жана Азия банк системасы, жол куруу жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашууга чакырды.

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх