Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданууда

Л.Толстойду көздөй көчө ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат

Бишкектин Матросова көчөсүн оңдоо иштери жанданганын мэрия билдирди.

2023-жылга титулдук тизмеге ылайык, Матросов көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жолдун негизин даярдоо жана асфальт төшөө пландалууда.

«Бишкекглархитектурага» Матросов көчөсүн Л.Толстой көчөсүнө чейин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырылды.

 

Мэриянын белгилешинче, базардагы соодагерлер менен жолду белгилүү бир мөөнөткө тосуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

2023-жылы тротуарларды капиталдык оңдоо, ирригациялык системаны орнотуу жана эски асфальт төшөө иштери аяктаган.

Иштин заказ берүүчүсү — Октябрь акимиаты, подрядчы — «МП Бишкекасфальтсервис», субподрядчы — «Бета Групп» ЖЧКсы.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх