Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте №166 маршруткалардын ордуна автобустар каттайт

Линияга 8-10 мүнөт аралыкта 20 автобус чыгат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №166 автобус каттай баштады. Буга чейин бул линияда кичи автобустар иштеп келген. Эми алардын ордуна ушундай номурлуу автобустар чыгат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маршруттун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана Алтын Ордо конушунда жайгашкан. Бул линияда 20 автобус болот, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

 

Коомдук транспорттун кыймылын “Мой город” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Ар бир автобус GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Учурда Кытайдан сатылып алынган автобустардын экинчи партиясы борборго келүүдө. Бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх