Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Бул тууралуу бүгүн борбор калаада өткөн Бош орундар жана кесиптер жарманкесинин алкагында белгилүү болгонун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында уюштурулду.

Башкармалык Бишкек шаары боюнча ар кандай ишканалардан жана уюмдардан 4500дөн ашык бош жумуш орундарды сунуштады. Аталган башкармалык Бишкек шаарындагы ар кандай ишканалардан жана уюмдардан келген 4500дөн ашык бош жумуш орундарды сунуштап, ишке орноштуруу кызматынын адистери ишке орношууга көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматтарга кызыккандардын баарына кеңештерин, акысыз кыска мөөнөттүү курстарды, ошондой эле бош орундар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова бүтүрүүчү класстрадын окуучуларына кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы тууралуу айтып берди.

"Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жана кыргыз эгемендүүлүгүнө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандар. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен мындан 100 жыл мурун элибиздин өзүнчө мамлекет болуу укугун коргогондорго таазим кылабыз», - деди ал.
Окуучулар үчүн өз өлкөсүнүн тарыхын билүү боюнча сынактар жана викториналар уюштурулуп, белектер берилди.

Мындан тышкары жарманкенин алкагында мектеп окуучуларына келечектеги кесипти тандоодо жардам берүү максатында алардын күчтүү жактарын жана жөндөмдөрүн аныктоо максатында мастер-класстар жана кесипке багыт берүү тесттери уюштурулууда. Мисалы, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев жаштарга мастер-класс өткөрдү.

 

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх