Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузуунун башталышын кийинкиге жылдырды

Муниципалитет 90дон ашык доо арыз берди

Бишкек шаардык мэриясы Ататүрк паркынын аймагындагы үйлөрдү демонтаждоо жана бузуу иштеринин башталышын жылдырды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев бүгүн жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, алгач сейил бакта жеңил конструкциялар демонтаждалат. Ал эми үйлөрдү бузуу боюнча чечимдер мыйзам чегинде сот тарабынан чыгарылат.

Орозалиев белгилегендей, мэрия 90дон ашык доо арыз менен кайрылган.

Бүгүн Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочулары да тынчтык митингине чыгышты. Алар жардам сурап президентке кайрылышты. Тургундар адал иштеп тапкан акчасына батир алганын, эми алардын үйлөрү сүрдүрүлө тургандыгын, көчөдө калуу коркунучунда тургандыгын айтышууда.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы сейил бактын аймагын аныктап, жеке менчиктеги 43 гектар жерди мамлекеттин менчигине кайтарып берерин билдирген. Ошол эле учурда мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлүп, сейил бактын өзү иретке келтирилерин белгилешкен.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, демонтаждоо иштери 20-майда башталышы пландалган.

Сүрөт: Апрель

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх