Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үрөй учурган сандар: Кыргызстанда 4 айда 36 бала өз жанын кыйды

Балдардын өз жанын кыйгандардын саны 20%га өстү

Кыргызстанда 4 айда 36 бала өз жанын кыйган. Мындай үрөй учурган сандарды бүгүн парламентте ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, өз жанын кыйгандардын 25и балдар, 11и кыздар.

Министрдин орун басары белгилегендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу балдардын өз жанын кыйгандардын саны 20%га өскөн.

Мындан тышкары, ал 2024-жылдын 4 айында балдарга карата 52 зомбулук фактысы катталганын билдирди – 4 учур балдарга, 48 кыздарга карата. 34 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, 6 иш боюнча токтотулса, 12 иш боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх