Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын чет элдик студенттери менен жолугушту

Министр студенттердин ден соолугуна жана коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенине ишендирди

20-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет элдик студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда аларды окутуу, коопсуздук жана ден соолукту чыңдоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

 

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи. Бейшеналиев студенттерди борбордо кырдаал көзөмөлдө экенине, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишендирди. Ал ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх