Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын үстүнөн келип түшөт.

2023-жылы Акыйкатчы институтуна 11 миңден ашык жаран кайрылган

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын үстүнөн келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Акыйкатчы институтуна 11 миң 276 жаран кайрылган. Даттануулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарына карата түшкөн – 51,4 пайыз. Арыздардын 10,6 пайызы социалдык коргоо органдарына, 1,5 пайызы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, 1,2 пайызы саламаттыкты сактоо мекемелерине, 0,9 пайызы билим берүү жана илим тармагына түшкөн.

Акыйкатчы белгилегендей, ага көбүнчө пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, абактагылар, жумушсуздар жана туруктуу жашаган жери жок жарандар кайрылышат.

Ошондой эле Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бүгүн Жогорку Кеңештеги докладын кыскача:

  • Бир нече конкурстар өткөрүлүп Акыйкатчы Институтунун штаты жетишпеген 30% га жакын жаңы кызматкерлер менен толукталды
  • Эмгектенүүгө шарттар түзүлдү
  • 20-ашуун ички укуктук ченемдик актылар мыйзамга ылайык келтирилди
  • 2028-жылга чейин Акыйкатчы Институтунун Стратегиясы кабыл алынды

Жалпы 2023-жылы КР Акыйкатчысына 11276 адам кайрылган, алардын ичинен:

  • 3773 (33,5%) - адам оозеки кайрылып, тиешелүү кеп-кеңештерди алышкан,
  • жазуу түрүндө - 2620 (23, 2%), алардын ичинен жамааттык кайрылууларга 685 жаран кол коюшкан,
  • мындан сырткары Акыйкатчынын "115 Шыр байланыш" номери аркылуу кайрылгандардын саны 4614 (40, 9%),
  • ал эми, Акыйкатчы тарабынан демилгеленип каралган учурлардын саны 269 (2,4%) түздү.
  • Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы 32,6% жогорулаган (9880 - 13104) учур катталган.
  • Берилген коргоо ордерлеринин саны 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы 30,2 % көбөйгөн (8225 – 10884).
  • 2023-жылы суицидге баруу, аялдар тарабынан 187, ал эми балдар тарабынан 185 фактысы катталган. Бул көрүнүш көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктарга байланыштырылууда.


Жазуу түрүндөгү 2620 кайрылууларды кароонун жыйынтыгы:

• Канааттандырылган (45,3%);
• Түшундүрмөлөр берилип башка органдарга жиберилген (27,5%);
• Укук бузуулар ырасталбаган кайрылуулар (14,5%);
• өндүруштөгү кайрылуулар (12,7%).

2023-жылы төмөндөгү көйгөйлүү маселелерге көңүл бурулду:

1. Пенсия курагына жете элек «Баатыр энелердин» жөлөкпулга болгон укугу.
2. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө “үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулдун жеткиликтүүлүгү.
3. Майыптыгы бар адамдардын жогорку билим алуу укугунун чектелиши.
4. Жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелериндеги жашап жаткан улгайган жана майыптыгы бар адамдардын укуктары.
5. Гемодиализ алган бейтаптардын саламаттыгын сактоого болгон укугу.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматынан

 

 


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх