Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта модернизацияланган аэропорт ачылды (фото)

Талас аэропорту 1979-жылы курулуп, бирок СССР тарагандан кийин иштебей калган

Бүгүн Таласта жергиликтүү аэропорттун модернизациядан кийинки салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

 

 

Президент 1979-жылы учактарды жана тик учактарды иштетүү үчүн курулган Талас аэропорту СССР тарагандан кийин иштебей калганын, кийинчерээк толук реконструкциялоо зарылдыгынан жана аэродромдун эскилиги жеткендиктен учуу тилкеси толугу менен жабылганын белгиледи.

Саатына 100 адамды кабыл ала турган аэропорттун жаңы терминалы жана модернизацияланган учуу тилкеси жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери болуп калды.